"Медиа-Порталдын" Супер ТВ бөлүмү "Чатырдан үшүп вагонго көчтүк" деген аталыштагы сюжет менен толукталды.
30 жаштагы Айжамал Мамырова 3 баласы менен вагондо жашаганга аргасыз. Анткени вагондун акысы кадимки батирге караганда арзан, айына 2000 сом. Каарманыбыз балдары жаш болгондуктан жумуш караштырып, иштегенге шарты жок болгонун айтат. Айжамал жалаң гана кайрымдуу жарандар жардам берген каражат, тамак-аш менен жашайт. Алар Айжамалга үй да куруп беришүүдө. Жылдын аягына чейин там курулуп бүтүп, каарманыбыз өзүнүн ак ордосунда Жаңы жылдык кечени тосуп алууга ниеттенип жатканын SUPER.KG порталына айтып берген.
Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.