Токмокто уурулукка шектелген жаран изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Чүй ОИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-февраль күнү 1987-жылы Токмок шаарында туулган А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адам чак түштө үйүнө кирип, 3 уюлдук телефонду уурдап кеткенин айткан. Аталган факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 48 жаштагы тургун изи сууй электе кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.