Ысык-Көлдө айылдашын сабап, өлтүрүп алган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2015-жылдын 15-май күнү саат 23:00 чамасында Тоң районунун айылдарынын биринде болгон. Анда 1996-жылы туулган М.Темирлан аттуу жаран көчөдө мас абалда А.Д. менен уруша кетип, аны катуу сабап койгон. А.Д. алган жаракатынан улам 17-майда ооруканада каза болгон.
Ишти Тоң райондук соту 2015-жылдын 11-декабрында карап, М.Темирланды Кылмыш-жаза кодексинин "саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленген. Бирок бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочу апелляциялык сунуш менен облустук сотко кайрылган. Облустук сот М.Темирланды 12 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт.