Январь айында "Түндүк электр" ишканасынын абоненттери 10,1 пайыз электр энергияны үнөмдөштү

"Түндүк электр" ишканасынын абоненттери январь айында 81,8 миллион киловатт саат же каралган электр энергиядан 10,1 пайыз үнөмдөштү. Жалпысынан бул айда абоненттер 722,8 миллион киловатт саат керектешти. Бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 56 миллион киловатт саатка жогору. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.

"Борбор калаада январ айында электр энергия 44,1 миллион киловатт саатка же 11,6 пайызга үнөмдөлгөн. Мерчемделген 380,3 миллион киловатт сааттан бишкектиктер 336,1 миллион киловатт саат электр энергияны керектешкен.

Чүй облусунун керектөөчүлөрү бул айда 24,3 миллион киловатт саат электр энергияны же 6,8 пайызга үнөмдөшкөн. Январь айына каралган 354,7 миллион киловатт сааттан Чүй облусунда 330,4 миллион киловатт саат электр энергиясы пайдаланылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан