Ысык-Көл облусунда эки жаран маңзат менен кармалды

Ысык-Көл облусунда эки жаран маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-февраль күнү саат 01.30 чамаларында Түп районунда Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, кароо жүргүзүлгөн. Ошол маалда кызматтык ит баңгизатынын жытын жүргүнчүлөрүнүн биринен алат. Ал жаран Чүй облусунун Жаңы-Жол айылынын 23 жаштагы тургуну болуп чыгып, андан 163 грамм гашиш табылган.

Ошол эле күнү Ак-Суу районунда мурда мыйзамсыз баңгизатын сактоо үчүн соттолгон 50 жаштагы Качыбек айылынын тургуну И.Геннадийдин үйү санкциялык кароодон өткөрүлгөн. Кароо жүргүзүү мезгилинде кызматтык ит 270 грамм гашиш баңгизатын тапкан.

Учурда жогорудагы эки жаранга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kamchatka
2017-02-16 11:52:10
Колдук туугандар манзатынарды кичине бекитип тургулачы кундоле Ысык Кол облусунан манзат алынды деген жанылык окуйбузго@
+1
Kroxa
2017-02-16 12:46:10
kamchatka,Ошто ун азыгына катылган манзат 14-февраль,Токтогулда ири олчомдогу манзат 13-фев,дегендерди окубай калгансынбы??Ыссык-колдук туугандардын баары эмес мындайлар окунучтуусу кыргызстан боюнча баардык жерде журушконун унутпа..
+1
Nur1k
2017-02-16 12:49:37
Ушул да жанылыкпы?) колдук туугандарды ансыз элестетууго мумкун эмесго?)
-1
Namystan
2017-02-16 22:09:45
Nur1k, ошуктарга озбектер да тууган болот да ээ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан