Саламаттыкты сактоо министринин отставкасын талап кылгандар митингге чыкты

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин алдына саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин отставкасын талап кылып, 20га чукул адам митингге чыкты.

Пенсионер Мурат Тилекеевдин айтымында, аталган министрликте эч кандай реформа болгон жок.

"Талантбек Батыралиев министр болуп келгенден тарта эч кандай өзгөрүүлөр жок. Мен 2-топтогу майыпмын, пенсиямдын көлөмү 3 400 сом. Ооруканаларга барсам каражатым жетпейт. Пенсионерлерди жеңилдетилген түрдө дарыгерлер карашпайт. Бул кызматка реформа жасай турган жаш кадрларды алып келиш керек", - деди Мурат Тилекеев.

"Кыргыз Чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Дүйшеев министр дарыгерлерди куугунтуктап, иш билбегендерди кызматка алып келип жатканын айтты.

"Бизге аттарын атабай кайрылган дарыгерлер бар. Мисалы, жакында Бишкектеги № 6 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери министр тарабынан куугунтукталып жатыптыр. Иш билбегендерди кызматка алып келип жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nursultan93
2017-02-16 12:29:21
Министр жаман иштеп жаткан болушу мумкун бирок 20 Адам 6000000 адамдын атынан суйлогон учур келди
+3
travma
2017-02-16 12:32:43
Туура эч кандай реформа болгон жок Кыргыз медицинасы ото начар
+1
Edik_86
2017-02-16 13:43:57
тиги руслан бекназаровту ку
ноолоп аткан кара ХХ мени эле эмес бут кыргызды куйдуруп буттуго я буга кандай чара колдонсо болот .адам олтургонго катышы бар экен билсе эмне учун ушул убака чейин жашырып жугон эле айтпай. мыйзамда кылмышты жаап жашыруу деген берене бар эле ошой берене мн соттош керек бул кара ХХХ. бирок ал берене кара учун иштебесе керек себеби бай атамдын козго басаар жалгыз балдызы да бул кара ХХХ деген
+5
admin_portal
2017-02-16 14:04:37
Edik_86, этика нормаларын сактаңыз!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан