Чаткал районунда эки айылга киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынып, мектептер иштей баштады

Чаткал районунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чаткал-Каныш-Кыя айыл аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолдору бир каттамга ачылып, унаа кыймылы үчүн уруксат берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аба-ырайы турукташып унаа жолдорго түшкөн кар көчкүлөрдөн жана калың кардан тазалоо жумуштарын ӨКМнын 10 кубаттуу техникасы аткарган.

Эске салсак, буга чейин 13 мектеп, 8 бала бакча жабылганын SUPER.KG порталына Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Равшан Мамырбеков билдирген.

"Учурда мектептер, бала бакчалар толук кандуу иштей баштады. Ички чарбалык жолдордун баары ачылды. Бүгүн эртең менен Ала-Бука тараптан жол ачылгандыгына байланыштуу 5 унаа эч кандай тоскоолдуксуз өтүшкөн", - деп билдирди Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Накетаев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kenje87
2017-02-17 11:31:25
Мындай корунуш биринчи болуп жаткан жокго. Жон эле ызы чуунун эмне кереги бар. Илгертен айтылган соз бар кардын башын кар, хандын башын хан жейт деген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан