Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында Саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2016-жылкы ишинин жыйынтыгы тууралуу отчёту угулуп, 2017-2020-жылдарга карата Фонддун Өнүгүү стратегиясы сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 16-февралда билдирди.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев маалымдагандай, 2016-жыл жыйынтыгы боюнча алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүү деңгээлинде, тактап айтканда, көзөмөлдөө жана кароодон өткөрүүдө көбүнесе кемчиликтер аныкталган. Ошол эле учурда аталган убакытта дарылоодогу кемчиликтер кыскарган. Облустар алкагында караганда кемчиликтер көбүнчө Ысык-Көл жана Нарын облустарында белгиленген. Жалпысынан кемчиликтердин деңгээли 1,6 пайызга жогорулаган.
Марат Калиев белгилегендей, стационарлар деңгээлинде да кемчиликтер жана негизсиз госпиталдаштыруу аныкталган. Негизсиз госпиталдаштыруу деңгээли Жалал-Абад жана Нарын облустарында байкалган. Оорулууларга амбулатордук дарылануу керек болгон учурда аларга стационардык дарылануу дайындалган. Натыйжада бюджеттин көп бөлүгү жоготууга учуроодо.
Буга катар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын айтымында, 2017-2020-жылдарга карата фонддун өнүгүү стратегиясынын алкагында каражаттарды Бирдиктүү төлөөчү фондуна топтоо, бенефициарлардын укугун жана милдетин тең салмакташтыруу, расмий эмес төлөмдөрдү кыскартуу, алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүү ролун күчтөндүрүү, саламаттык сактоодогу тейлөө сапатын камсыздоо жана көзөмөлдөөнү, башкаруу тутумун жакшыртуу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун түзүмүн кайрадан түзүү жана башка милдеттерди аткаруу пландаштырылууда.
Кеңешме жыйынтыгында вице-премьер-министр Саламаттыкты сактоо министрлигине саламаттыкты сактоо мекеме жетекчилери менен 2017-жылы негизсиз госпиталдаштырууну кыскартуу боюнча иш-чараларын өткөрүү, фонд менен биргеликте саламаттык сактоо уюмдарынын натыйжалуулугун талдоодон өткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдетилген программасынын ишин үзгүлтүксүз мониторингдөө, саламаттыкты сактоонун приоритеттерине жана жарандардын саламаттыкты сактоо жаатындагы укуктарын камсыздоого багытталган мамлекеттик ресурстарды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы келишимдердин аткарылышына монитринг жүргүзүү тапшырылды.