15-19-февраль күндөрү Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Алай, Өзгөн райондорунда техник-уруктандыруучуларды окутуу боюнча семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Семинарлардын максаты - жергиликтүү элдин малдарынын сапатын жакшыртуу максатында Ала-Тоо тукумундагы жана америкалык селекциядагы өндүргүч букалардын уруктары менен уруктандырып, асылдандыруу иштерин жогорулатуу.
Белгилүү болгондой, окутууларды ветеринардык палатанын өкүлү А.Абдурасулов менен асыл тукум мал чарба жана биотехнология бөлүмүнүн башкы адиси Ш.Чотонов өткөрүшөт. Анда уруктандыруучулар практикалык жана теориялык жактан жардамды жеринде жүргүзүп жасалма уруктандыруу иштеринин технологиясын көрө алышат. Ошондой эле малдардын тукумсуздугу жөнүндө алдын алуу иштери боюнча маалымат алышат.