Москвада 50 жаштагы аялды зордуктоого шектелген Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москва шаарында 50 жаштагы аялды зордуктоого шектелген Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 9-февраль күнү саат 12:00 чамасында болгон. Анда Кеша аттуу жаран 50 жаштагы С.З.К. жашаган батирге кирип келип, күч колдонуп зордуктаган. Андан соң сабап, кабыргаларын сындырып, колу-бутун байлап окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Өзгөн районунун тургуну, 1979-жылы туулган К.К. кармалган.

"Эгерде сиздерге карата кылмыш болсо эч ойлонбостон, коркпостон арыз менен кайрылыңыздар. Көп учурда кылмыш батирде болгон учурда, жабырлануучулар убактылуу каттоосу башка жакта болгондуктан полицияга арыз жазгандан коркушат. Мисал катары айта кетсек, жогорудагы жабырлануучу эже дагы коркуп, арыз жазбай үйүндө жата берген", - дейт Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
rukopashnik
2017-02-16 14:47:12
кыргыз кыргызды зордуктап,тоноп, керек болсо өлтүрүп жатса, башка элден эмеени күтсө болот,уят уят 50 үү гө чыккан эже чооң эле эже да, зөөкүр кантип ошол эжени зордуктады,кайсы бет кайсы акыл менен ошол ишке барды,буга окшогондорду түрмөдө сазайын бериш керек,,,
+7
admin_portal
2017-02-16 15:26:05
AibekKyrgyz, жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт.
0
Keremet008
2017-02-16 15:37:37
Уят аялы мотурайган балдары Озгондо кутуп журсо бул не кылганы имиш..
!
+5
akil.91
2017-02-16 15:41:29
Мунун да кабыргасын сындырып салышсын.
+8
erlist
2017-02-16 15:48:33
Энесиндей кишини зордуктаганы аз келгенсип кабыргасын сындырган эмнеси???Буга бирди коргозуш керек эркек алыс жерде эже карындашты коргогондун ордуна ушинтип атса анан башка улуттар биздин аялдарды сыйламак беле...
+9
Nurik95
2017-02-16 15:57:48
50 жаштады аялга ХХХ анда.
0
admin_portal
2017-02-16 17:22:12
Nurik95, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
OAlmaz
2017-02-16 17:14:33
Кешанын өзүнүн эже-карындашын башка зөөкүр зордуктаса кандай боло турганын ойлонду бекен.
+3
ziash85
2017-02-16 17:31:14
Аиий чооң эле аялга кантип кол көтөрдү десең
+2
Nazaralikarakulja
2017-02-16 22:39:08
Зордуктагандардын ХХХ керек
+1
admin_portal
2017-02-17 09:20:48
Nazaralikarakulja, этика нормаларын сактаңыз!
0
Boika85.kg
2017-02-16 23:09:39
Түрмөдө жазанды аласын эми ХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан