Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалып, кайра коё берилди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кечээ, 15-февраль түнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Медеров жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус 570 жана Субурбан үлгүсүндөгү эки унаа токтотулган. Алардын биринин ичинде Эркин Мамбеталиев да болгон. Айдоочуда эч кандай документтер болгон эмес, ошондой эле унаадан ок атуучу курал табылган. Тиешелүү документтер толтурулган соң унаанын ичиндегилер кайра коё берилген.
Буга чейин Эркин Мамбеталиев "адам өлтүрүүгө" айыпталып, сот жообуна тартылган. Кийин эркиндикке чыгып кеткен. Ошондой эле анын аты "Вечерний Бишкек" жана Ысык-Көлдөгү пансионаттарга байланыштуу айтылып келет.