Бишкекте курулуп жаткан имараттан кулап кеткендердин үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
Анын айтымында, "Тез жардам" кызматы тарабынан жалпы 4 адам алып келинген. Алардын бири хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар Чүй жана Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан кулап кетишкен. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна коргоочу тактанын түшүп кетиши себеп болгон.