Брюсселде 16-февраль күнү активисттер өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду колдоп пикетке чыгышты. Маалыматты Amnesty International сайты жазып чыкты.
Эл аралык укук коргоочу уюмдун активисттери нааразылык билдирип, Европа Кеңешинин имаратынын алдына чогулушту. Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун жолушуусу өтүп жаткан.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге билдиргендей, Брюсселдеги жолугушууларда Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сот чечими да талкууланган. Анда мамлекет башчы Аскаров боюнча кырдаалды так түшүндүрүп, Еврокеңеш Кыргыз Республикасынын позициясын түшүнүү менен кабыл алды. Учурда президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Бельгия падышалыгында жүрөт.