Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 30-апрель күнү Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаев боюнча өтө турган сот иши 16-майга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошова кабарлады. Жылдыруунун себеби, айыптоочунун жактоочулары болгон И.Айткулов, Ч.Айтбаев, Ж.Нарымкулов сот ишине келишкен эмес. Айта кетсек, У.Ташбаевге 16-январда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, аткаминер камакка алынган. Ал кен иштетүү тармагындагы коррупциялык иштер боюнча, тактап айтканда, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.