Испаниянын Бургос шаарынын 64 жаштагы жашоочусу эгиздерди жарык дүйнөгө алып келген. Бул тууралуу "BBC News" сайты кечээ, 16-февралда жазып чыккан.
Маалыматта бир уул, бир кыз кесарево жолу менен төрөлгөнү, учурда эненин да, жаӊы төрөлгөн наристелердин да абалы жакшы экени айтылат.
Ысымы айтылбаган эне балалуу боло албай, көпкө чейин дарыланып жүргөн. 2012-жылы кыз төрөгөн, бирок социалдык кызматтын кызматкерлери аялдын каржылык абалы начар деп, кызды атайын жайга алып кетип калышкан. Ал эми бул ирет эгиздерди испан аялы өз кароосуна алабы, белгисиз.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Кытайдагы Цзилинь провинциясынын 64 жаштагы жашоочусу уул төрөгөн. Жаш курагы боюнча аялдардын арасынан эң улгайган куракта төрөгөн бул жаран рекорд койду деп айтылып келген.