Өлкөдө жеңил өнөр жай продукциясын текшерген лаборатория бар

Өлкөдө жеңил өнөр жай продукциясын текшерген лаборатория бар. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.

Аталган фракциянын депутаты Алтынбек Жунус уулу “Кытайдан келген оюнчуктарды текшере турган лаборатория барбы?” деген суроо берген.

Жумаканованын айтымында, лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет.

Мындан тышкары кыргыз улуттук кийимдер башка өлкөлөргө көйгөйсүз өтө турганын кошумчалады. Ошондой эле бажы биримдигинин жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу 62 пайыз сактала турганын билдирди.

Учурда парламентте фракциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттери тууралуу жыйын өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан