30-апрелде ден соолугунун начарлашына байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакын санаалашы Пайзулла Рахмановго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 15-майга жылдырылды. Айта кетсек, Рахмановдун сот иши 30-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтмөк болчу. Бул боюнча айыпталуучунун жактоочусу Баки Кулдашев “Пайзулла Рахманов өзүн начар сезип жатат жана инфаркт болуу алдында турат. Анын кан басымы жогору болууда” деп билдирди.