Алмазбек Атамбаев Пакистандагы терактка байланыштуу президентке көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Пакистандагы терактка байланыштуу өлкө башчысы Мамнун Хусейнге көңүл айтты. Бул тууралуу 17-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Көңүл айтуу телеграммасында: "Сехван-Шариф шаарындагы теракт боюнча маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз эли Пакистан элинин кайгысын тең бөлүшөт жана терроризмди катуу айыптайт",- деп айтылат.

Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы мавзолейде 16-февраль күнү ондогон сыйынуучулардын арасында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Мындан улам 70тен ашууна адам каза болуп, 150дөн ашуун киши жарадар болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KGstan1981
2017-02-17 12:46:55
Баракельде Алмазбек Шаршенович зааматта конул айтканыз учун.Бирок кыргыз эли бир кырсыкка учураса эмнегедир бир жумадан кийин гана айтсамбы жэ айтпасамбы деп аран конул айтканыз болбойт.
+7
green9595
2017-02-19 21:05:02
KGstan Сөзүңө кошулам,Авиакырсыкта ажообуз 10кундон кийин барганы,эли үчүн кам санабайбы деген ойго барат экенсиң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан