Чаткал районуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 60 үй-бүлөгө чай, консерваланган эт азыгы жиберилди. Бул тууралуу бүгүн Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Накетаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Чаткал аймагында жашаган эл үчүн ӨКМдан 60 үй-бүлөгө жете турган азык-түлүк жиберилди. Учурда Ала-Бука аймагындагы ашуу кардан тазаланып ачылса, алынып келинет. Азыктар аймактагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет", - деп билдирди Накетаев.
Эскерте кетсек, Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында 3 күн тынбай жааган кардан улам, тургундар ачка калганын "Элдик кабар" рубрикасына билдиришкен. Ал эми Чаткал районун акими Канжарбек Эшалиев эл ачка калбаганын, абал көзөмөлдөнүп жатканын айткан.