Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейинки эл аралык иштеринин милдеттери айтылды

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына арналган конференция өттү. Анда парламенттин эл аралык иштеринин милдеттери айтылды.

Катышуучулардын айтымында, депутаттык корпустун милдеттеринин бири эл аралык келишимдерди ратификациялоо жүрүмүн, сапаттык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу, парламенттер аралык уюмдардын алкактарында мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо.

Ошондой эле парламенттин милдети катары Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ченемдик актылар менен камсыз кылууну өркүндөтүү болуп саналары айтылды. Бул милдет мыйзам чыгаруунун алкактарында, мониторингдин жана көзөмөлдөөнүн парламенттик тутумун түзүүгө заманбап саясий ойлонууну шайкештөөгө жана калыптандырууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан