Акыркы 3 жыл ичинде мыйзамсыз жеке ишкерлик менен алектенүү боюнча 418 кылмыш иши козголсо, бир эле адам эркинен ажыратылган

Акыркы 3 жыл ичинде мыйзамсыз жеке ишкерлик менен алектенүү боюнча 418 кылмыш иши козголсо, бир эле адам эркинен ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын отурумунда депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жеке ишкерлик" беренесинин негизинде 2014-жылы 108, 2015-жылы 155, 2016-жылы 155 кылмыш иши козголгон. "Бул иштердин жарымынан көбү сотко жетпей калган. Жыйынтыгында акыркы 3 жыл ичинде аталган берене боюнча 1 эле адам соттолуп, эркинен ажыратылган. Калган 38 адамга карата башка чаралар көрүлгөн. Мындан улам жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишкен тергөөчүлөргө карата жазаны күчөтүү зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sydykov.y
2017-02-17 14:43:12
байкуш карапайм адам болсо керек сотторго акча бербейм актыгымды билдирем деп атып камалып кетсе керекда башкалары акчадан ооздоруна тыгып чыгып кетсе керек 3 жылда 418 кылмыш иши козголуп кантип бир адам соттолсун урматтуу соттор кудайдан корксонор боло чондордон эмес кудайдан КОРККУЛА акча жегичтер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан