Башкы прокуратуранын өкүлү: “Кыргыз мамлекетинин Жазык-аткаруу кодекси Орусияныкына салыштырмалуу гумандуураак”

“Кыргыз мамлекетинин Жазык-аткаруу кодекси Орусияныкына салыштырмалуу гумандуураак”, - деп бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Марат Кулжабаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жеке ишкерлер келтирген зыянды калыбына келтиргенине байланыштуу аларга карата козголгон кылмыш иштеринин көбү сотко жетпей жатат. "Орусияда бул кодекс репрессиялык мүнөздө иштелет. Бизде болсо салык төлөбөгөн же башка каржылык зыян келтирген жаран чыгымды кайтарып берсе, кылмыш ишин токтотуу мүмкүн", - деди Кулжабаев.

Белгилей кетсек, фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан