2017-жылдын 1-январына карата жөлөк пул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 454 миң адам алган

Бүгүн, 17-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2016-жылдагы январь-декабрь айларындагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча отурум өтүп жатат. Анда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова жыл ичинде жасалган иштер жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, 2017-жылдын 1-январына карата жөлөк пул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 454 миң адам алган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кошумча колдоо аракеттери көрүлүп жатат.

"Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Ушул жылдын 1-январына карата бир нече айылдарга гуманитардык жардамдар жеткирилген. Өлкө боюнча 916 долбоору ишке ашып, ун жана өсүмдүк майы түрүндө азык-түлүктөр менен 215,2 миң адам камсыз болгон", - дейт Ж. Полотова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан