Бишкекте Орусиялык элчиликтин унаасы менен кагылышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

Бишкекте Фучик көчөсүндө жол кырсыгына кабылган айдоочунун бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Буга чейин Тoyota Prado жеңил унаасы менен Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаасы кырсыкка кабылган болчу. Жабыркагандардын бири Улуттук госпиталга, экинчиси Травмотологиялык ортопедиялык илимий борборго жаткырылган эле. Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаасынын айдоочусу алган жаракаттардан улам каза болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин Орусиялык элчиликтин Тoyota Prado жеңил унаасы менен жүк ташуучу унаа кагылышып, айдоочулар катуу жаракат алганы айтылган.

Орусиянын элчилигинин унаасы спринтер менен кагышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tursunbaev78
2017-02-17 16:42:34
Элчиликтин айдоочусу күнөөлүү экен кызылдан өтүп кетти
+11
Kalemkash
2017-02-17 16:57:12
Кудайым сактай кор. Жогору жактагылардын мыйзамга оздору баш ийбегенинен бейкапар адам олгон экен да
+9
Gulim_zamujem
2017-02-17 17:17:49
Жун..ш куноолуу эми жазасын алсын!!!
+8
timoha81
2017-02-17 17:34:20
Россианын посолунун машиналары такыр биздин жол эрежелерин сактабайт,откондо менида уруп кете жаздады сплошной поласа менен мандайымдан чыкты.Булардын айдочуларын алмаштырыш керек
+4
Arlenchik
2017-02-17 17:36:28
Орусия элчилигинин айдоочусу куноолу экен, ишти жаап койбой таатыктуу жазасын беришсе болду.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан