Кара-Суу районунда 24 жаштагы тургун 1 кой уурдаганы үчүн кармалды

Кара-Суу районунда 24 жаштагы тургун 1 кой уурдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-февраль күнү милиция кызматкерлерине 58 жаштагы Б.Н. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адам короосундагы бир баш койду уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы О.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Gulim_zamujem
2017-02-17 17:28:25
Бир кой учун 10 жылга кетпесе болду!!!
+8
Doni99
2017-02-17 17:31:16
Bizdin chinovnikter miliondogon koidun akchasyn uurdasada Ech joop beriwpeit
+4
ALI2012
2017-02-17 17:35:12
Колун менен кылганды, башын менен жооп бересинда.
+1
Asan123
2017-02-17 17:41:32
Бир кой урдаса жанылыктар жазып калышат Чондор жеген акчаларды ким эсептеп ким жанылык кылып чыгарат
+5
Luna15
2017-02-17 17:46:39
туугандар эмнеге 1кой учун дейсинер,балким ошол ууру байкуш бир жесир калып балдарын аран баккан аялдыкын уурдайт,балким аран жан баккан бир бечараныкын уурдайт,ал ууру биринчи жолу уурулук кылды деп кепилдик бере албайбыз туурабы ошондуктан канча болсо дагы жазасын тартсын!
+5
Kubat.karagulov
2017-02-17 19:08:22
Luna15,Абдан туура айтасын уурулар да ошондой жетим жесир колдоочусу жоктордукун уурдашат.Байлардан коркот да алар акчасын төлөсө да карматып каматат деп.
+2
Seryi-Kardinal
2017-02-17 17:52:29
Буга окшогондорду камабай эле ээсине беш кой төлөтүп,мамлекетке да штраф төлөтүп коё бериш керек
+8
bazarzamir
2017-02-17 17:54:09
Бир койбу, миң койбу айырмасы кайсы? Уурулукпу, жазасын алсын
+1
dina1983-19
2017-02-17 17:59:46
Депутаттар бир кой эмес милион уурдасада камалбай эле жүрүшөтго
+4
Han99
2017-02-17 18:03:13
dina1983-19,тура айтасын
+1
matilla
2017-02-18 05:58:55
dina1983-19,сенин бир койуңду уурдаса да ушинтет белең? өлгүчөң кыйкырмаксың жазалансын деп.
+1
Talastan
2017-02-17 18:39:34
100000 мин сомун болсо чыгасын,болбосо 10 жылга кетип калбасан болду.
+2
bond02
2017-02-17 18:57:52
120койдун бироосу жоголгон окшойт койчуман каякта журот карабай.
+2
Kubat.karagulov
2017-02-17 19:10:04
bond02,Бельгияга кетпеди беле ошондон пайдаланган окшойт уурулар дагы.
0
m.atasov95
2017-02-17 19:19:36
Айдаганын 4 торт эчки, ышкырыгын таш жараттан болуп, Бельгияда ышкырып журотта. Бул жакта теке эчкилерге тийише баштады. Ошол ууру текени эле урдап кетпептирда
+1
aszyma
2017-02-17 21:06:41
Ошондо койчуман ким болот экен келерки жылы. Адахан Мадумаровпу же Омүрбек Текебаевпи же Өмүрбек Бабановпу
-1
matilla
2017-02-18 05:56:20
Депутатыңбы, башкасыбы баары бир бир күн жазасын алат, уурулук, жамандык эч качан жазасыз калбайт. ал эми бир кой уурдаганды актап олтургандар өзү да ууру болсо керек, бир койбу жарты койбу жазасын алсын. же эмне депутат уурдап жатат деп биз да уурдай беришибиз керекпи? ууруну актоо акмакчылык.
0
admin_portal
2017-02-20 10:05:10
kenjebek_a, m.atasov95- эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан