Кыргыз мамлекети менен Орусиянын кызматташтыгы боюнча Москвада кеңешме өтүүдө

Москва шаарында Кыргыз-орусиялык өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын 19-кеңешмеси өтүүдө. Бул тууралуу 17-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Комиссияда Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, ал эми Орусиянын делегациясын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин жетектөөдө.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашат. Тактап айтканда, айыл чарба, өнөр жай, транспорт, туризм, маданият, билим берүү жана илим, миграциялык саясат, банк тармагы, аймак аралык кызматташтык жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан