Бишкектеги өз атасы тарабынан зордукталып, №3-балдар ооруканасында жаткан 3 жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде аталган мекемеден кабарлашты. Маалымдалгандай, кыздын абалы азыр деле оор. Айта кетсек, окуя боюнча 25-апрелде Бишкек шаардык ИИББи тарабынан Үсөн Сакатаев аттуу Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну кармалып, ал "өзүнүн 3 жашар кызын сабап, андан соң зордуктап салган" деп күнөөлөнүүдө.