Мындан 161 жыл мурун, 1856-жылы 17-февралда атактуу немис акыны, публицист жана сынчы Генрих Гейне ден соолугунун начарлашына байланыштуу көз жумган. Ал 1797-жылы 13-декабрда Германиянын Дюссельдорф шаарында жарык дүйнөгө келген. 1817-жылы Гейне алгачкы ырын жарыялап, 1823-жылы "Лирикалык интермеццо" деген аталыштагы ырлар жыйнагын чыгарган. Акын саясий публицистика жанрында да чеберчилик менен жаза билген. Алсак, анын "Саякат сүрөттөрү" деген кара сөз түрүндө жазылган 4 томдук эмгегинин биринчиси ага атак-даңк алып келген.
1831-жылы акын Германиядан Парижге көчүп барган. Анын Франция жөнүндөгү эмгектери коомдук турмушка, саясатка, искусствого жана театрга арналып жазылса, Германия жөнүндөгү чыгармаларында ал философия жана адабиятка арналган темаларда жазган. Гейне "романтика доорунун" акыркы өкүлү жана баштоочусу болуп эсептелет. Анын чыгармаларына Франц Шуберт, Роберт Шуман, Рихард Вагнер, Иоганн Брамс, Пётр Чайковский аттуу композиторлор обон жаратышкан.
17-февралга карата жылнаама