Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 18-февралда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, агартуучу, илимпоз Абдыкерим Сыдыков репрессияланган. Ал 1889-жылы Чүй өрөөнүнүн Башкара-Суу деп аталган жеринде манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Мусулман мектебинде, Верныйдагы (Алматы) эркектер гимназиясында окуган. Пишпектеги уезддик башкармада котормочу, ошол эле уезддин комиссарынын орун басары, Орусиянын Убактылуу ө2кмөтүнүн өкүлү, Орто Азия мамлекеттик университетинде кызматчы, Орто Азия пахта институтунда суу чарба деканынын орун басары жана Кыргыз АССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. "Алаш" партиясынын мүчөсү. Кыргыздардын өз алдынча автономиялуу мамлекет болушу тууралуу идеяны киргизгендердин бири. Кыргыздын тарыхы жана генеалогиясы боюнча макалалары Ташкентте жарыяланган. "Кыргыз элинин өсүп-өнүгүш тарыхынын кыскача очерки", "Кыргыздардын урук-урук болуп бөлүнүшү", "Көчмөндөр тобунда малды багууну уюштуруу", "Орто Азиядагы журтчулук жана ачарчылык" деген эмгектери бар. 1938-жылы 49 жаш курагында атылып кеткен.
18-февралга карата жылнаама