Алмазбек Атамбаев Германияда Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарында Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз Республикасындагы "Сорос" фондунун ишмердүүлүгү талкууланды. Мындан тышкары Атамбаев менен Сорос маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык тармактардагы реформаларга багытталган программаларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу пикир алмашышты.

Айта кетсек, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Германияга болгон иш сапарынын алкагында коопсуздук боюнча конференцияга катышмакчы. Бул иш-чаранын алкагында президент Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан