Пакистандагы жардыруудан каза болгондордун же жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Пакистандагы жардыруудан каза болгондордун же жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы мавзолейде 16-февраль күнү ондогон сыйынуучулардын арасында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Мындан улам 75 адам каза болуп, 150дөн ашуун киши жарадар болду. Кыргыз мамлекетинин Пакистандагы элчилиги бул өлкөгө келчү Кыргыз жарандарын жеке коопсуздугуна дыкат мамиле жасоого чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ananai
2017-02-19 13:16:40
Кудай сактасын биздикилерди...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан