Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 17-февралда "Евроньюс" телеканалына интервью берди. Анда президент Кыргыз Республикасынын кийинки президенти ким болорун Владимир Путин чечет деген сөздөрдү четке какты.
"Ооба, өлкөбүз коңшулардан толук көз каранды болгон учурлар болгон. Бирок бүгүн таптакыр башка мамлекетпиз, Путин башка маселелер боюнча барат. Эки тараптуу кызматташтык боюнча талкуулай турган маселелер бар. Кыргыз Республикасынын президенти ким болорун Москва же Вашингтон эмес, Кыргыз эли өзү чечет. Ишенип коюңуз, бүгүн мурункудан башка мамлекетпиз, элибиз да башка. Өзүбүздүн маселени өзүбүз чечебиз", - деди Атамбаев.
Эскерте кетсек, Орусия президенти Владимир Путин февралдын аяк ченинде Бишкекке расмий сапары менен келери күтүлүүдө. Коомчулукта "Путин кийинки президенттикке ким талапкер болорун чечкени келет" деген пикирлер бар.