Өкмөттүн 30-апрелдеги жыйынында "Ички иштер органдарын реформалоо" боюнча даярдалган документ каралды. Андан соң премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аталган документти аягына чейин иштеп чыгуу тапшырмасын Ички иштер министри Абдулда Суранчиевге берди. Ички иштер органдарын реформалоо маселеси боюнча министр өз сунушун көрсөткөн, бирок ага карата өкмөт мүчөлөрү тарабынан сын-пикирлер айтылды. Өз кезегинде министр өкмөт башчыга кайрылып, ал үчүн үч ай мөөнөт сурады. Бирок өкмөт башчы бул документти иштеп чыгуу үчүн бир ай жетиштүү болорун баса белгилеп, сунушту четке какты.