Авиакырсыктан бир үй-бүлөдөн каза болгон 3 бир тууганга арналып куран окулду (фото)

Бүгүн, 18-февралда борбор калаадагы кафелердин биринде Боинг кырсыгынан каза болгон 19 жаштагы Аман Курманбеков, анын бир туугандары 5 жаштагы Эрзат, бир жарым жаштагы Жылдызды эскеришип, ата-энеси жакын туугандарын, кырсык учурунда жардам көрсөткөн жарандарды чакырып куран окутушту. Алгач маркумдарга арналып куран окулган соң алардын сүрөттөрү бар слайд көрсөтүлүп, кошок ыры айтылып жатты. Ошол учурда элдин баары көзүнө жаш алышты. Андан соң чай берилип, тамак тартылып, кайра куран окулду.

Кырсык болор түнү Эрзаттын туулган күнүнө барып, эртең менен урандылар астында калган Байнур Куштарбеков учурда дале дарыланууда. Апасы Нуриза Шейшенованын айтымында, Байнурдун абалы жакшы, учурда балдак менен басып жүрөт. Мындан тышкары Шейшенова сиңдисинин кырсыктан аман калган 6 жашар кызы Сайкал тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Мындан 2 жыл мурун 20 жаштагы эжеси каза болгон эле. Ошондогу элдин көп келгени эсинде калса керек, дале ошонун зыяратына келип жаткандай түшүнүп жатат. Психологдор аны менен тынбай иш алып барышууда. Алар азырынча окуя тууралуу айтпай тургула дешкен. Сүрөттөрү көрсөтүлүп жатканда ыйлады деп айтышты, бала болгону менен жүрөгү сезсе керек. Бир туугандарынын буюмдарын алып, качан келет деп күтүп жүрөт", - дейт көзүнө жаш ала Н.Шейшенова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Taku.14.02
2017-02-18 16:02:11
Куран окуубай эле тойго бпргандай болгонго столдун усту кантет
+13
Djal1987
2017-02-19 14:15:01
Taku.14.02,борсок менен нандар анан мандарин же апельсиндер анан бош тарелкалар эле турат го. Жазат десе жаза бересинер. Болгону ресторандын стеналары жасалгасы жаны экен, анын куран окуткандарга эч тиешеси жок. Куйуттун жанында бул нерсенин баары уйлосон жок болчу чан эле. Кайрат кылышсын аза куткондор.
+3
adimyrza
2017-02-18 16:47:02
Ысрапкорчулук андан коро сообу тийсин деп бир жетимбалдарга же кундо чыгып жатпайбы жардам керек оорулу кочодо калган ошолорго берсе сообу тиймек деп ойлойм жеке ойум кечиресиздер
+4
Aselya_9105
2017-02-18 18:09:06
adimyrza, ар кимдин өз иши го деп ойлойм. дастарконун кандай жаят, каякка өткөрөт. Булар азыр кан жутуп, бир эмес 3 чырактай балдарынан ажырап отурушат, естественно бир тууган жакындарынан бата алып жатышат куран окутуп. Колуңуздан келсе сиз, биз ушуларга жана ушундай акыбалда отургандарга жардам берүү керек.
+13
ekaterinburg
2017-02-18 17:55:43
Жандары чымчык болуп учуп кетишти го ээ((((Бейкуноо наристелер...
+10
Aselya_9105
2017-02-18 18:09:58
Жандары жаннаттан болсун.
+4
Firdaus-Muslim
2017-02-18 18:17:31
Орду толгус жоготуу болду. Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан зат жайларын бейиштин бакчаларынан кылсын!
+4
Aku.02
2017-02-18 20:41:01
Тамак-аш коп болсо эчтеке болбойт наоборот сообтору тиет куран окутуп жаткандан кийин,ысырапкорчулук дебей унчукпай эле койгула да.
+8
aydinnur
2017-02-18 21:22:49
бул той эмес болсо да,куран окуткандардын ошол кыйын кырдаалда жардамга колун сунгандарга кылган сыйы болду...ал жерде сүрөттөн көрүнгөндөй эле орто стол тиреген тамак аш деле болгон жок...бул сыйлуу кишилерге арналган дасторкону тартылган го...лично мен да болдум,аяш балдарга куран түшүрүп кайттым...и булар мамлекетке догурунбаган аз-маз үй бүлөөнүн катарында,кайраттарына сөз жок,мүңкүрөп калбастан акырындан өздөрүнө келип калышты!муну айтканым,жакында көрөбүз го чогуу эле жардам бөлүнө баштаса
+4
aydinnur
2017-02-18 21:31:38
дегеним,анча мынчасыынан кабарым бар,анча мынчасын көрүп калдык,акча алганын,догурунуп больницага жатканын,жардамга келген бир топ нерсени жакынкы айылдардан атайын келип алып кеткендерин((((а булардын өз кийими жок туруп,аялынын жаңы бут кийимди башка коңшусуна жибергенине өзүм күбөмүн...ажо менен жолуккандагы айткан сөзүнөн да кабардармын....кыскасы күтө туралы достор,кырсыктын кызыктары али алдыда..андан көрө наристе-периштелерге дуба кылып койолу...
+4
Zholonkyzy.Gul89
2017-02-18 23:02:01
Жаткан жерлери бейиштен болсун. Аябай өкүнүчтүү.Аллах баарына сабыр берсин.
+1
gulperi.kg
2017-02-18 23:06:06
той болуп кетиптир го.Ладно жаткан жерлери жайлуу болсун
-4
Aku.02
2017-02-19 12:04:15
gulperi.kg,сага эмне козуно той
болуп корунуп жатабы,бийлеп жыргап
жатышса бир жон.
+1
Totyua.71.
2017-02-19 02:46:53
уйдон Куран окутса болмок ..кафеге деле
канча акча короду?Балдардын жаткан жерлерин жаннаттан берсин курандан
башка айла жок
-1
Kroxa
2017-02-19 06:56:46
Totyua.71.,уйу талкаланып калды го бироонун уйуно окуткуча кафеде эле туура жер жемиш нан сообу тийчу азыктар эле турат тойдогудай,салат закуска деле корунбойт...периштелерге бейиштен жайы болсун оомийин...
+3
Asanovna1805
2017-02-19 09:09:39
Эмне эле былжырап жаза бересинер. Козунорго той болгондой корунуп жатабы же эмне тойдогудай бийлеп атышабы. Силердин оюнар боюнча столдо боорсок анан чай эле болуш керекпи. Ушундай суука карабай куран окутуп, балдарына сообу тийсин деп атышат да.
+1
Aselya_9105
2017-02-19 16:06:26
Урматуу окурмандар, кумурскадан пил кылбаңыздарчы. Булар азыр силердин той пой деген пикириңерге муктаж эмес. Макул үйүнө өткөрсүн, кайсы үйгө өткөрөт? Же эмне бирөөңөр үйүңөрдү бошотуп берет белеңер? Дагы бир жолу айтам, бул куран окуткандардын өз иши бул биздин канга сиңген дастарконду ушинтип жайып куран окутуп бата алган. Жөн эле акылдуу боло бербегиле. Мындай иш акыр бир күнү баарыбыздын башыбызга түшө турган иш. АЛЛАХым аны кечинен берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан