Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркель конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөдү.