Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелди "Курманжан датка" ордени менен сыйлап, сүрөттөр жыйнагын тапшырды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германияга болгон иш сапарынын алкагында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин маанилүү маселелери, конкреттүү келишимдердин аткарылышы, соода-экономикалык, инвестициялык жана банк чөйрөлөрүндө кызматтыштыкты андан ары жандантуу, саясий сүйлөшүүлөрдү бекемдөө маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык канцлерге "Курманжан датка" ордени менен кошо өткөн жылы Ангела Меркелдин Кыргыз өлкөсүнө расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча сүрөттөр жыйнагын тапшырды. Өз кезегинде Ангела Меркель бул жогорку сыйлык үчүн ыраазылыгын айтып, өзүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарын жылуу сезим менен эскерерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
nemo2016
2017-02-18 20:24:33
Каяка барсада бизге дегеле кыргызстанга зыяны тийбесин
+12
leilekstan_1987
2017-02-18 21:17:34
nemo2016,туура айтасын каяка барсанда карыз сурабай кыргызстанга зыянынды тийгизбей журсон болду сенден эчак элдин умуту узулгон
+19
Rifle_I
2017-02-18 22:20:09
Меркель "Курманжан Датка" орденин алууга эмне салым кошту ?
Же келип "кайран элим кайда баратабыз" деп эже карындаштарыбызга үгүттөгөнү үчүнбү ?
Качанга чейин ... жаламай болуп жүрөбүз ?
+11
nur_zhoni
2017-02-18 23:11:26
Качан кыргызстанды ойлойсун сыгып жок кыла турган болду
+10
makelen
2017-02-18 23:48:10
Тарых таразалайт, колдоо бар алтындын баркын билбейбиз, кийин адам откондон кийин окунуп калабыз. 20 жылда кыла албаган иштерди 4 жылда жасап койсо деле наразыбыз.
-6
Eksvp_1
2017-02-18 23:55:49
Өнүгөбүз, көбөйөбүз бир гана үмүт кылгыла, ынтымакта болгула. Биз тез эле өнүгүп кетебиз. Карыз да ал төлөнөт убагы келгенде, бир кыргыз өзү төлөп койот.Газ нефть ал түгөнөт, а кыргыздын суусу түгөнбөйт биз байбыз.
+2
LEGENDA.
2017-02-19 00:19:29
Боинг учагын жөнөтпөй жөн эле келсин эми.
+7
moskyrsat
2017-02-19 00:33:05
LEGENDA.,Эн туура айтасын мага оло жакты
+3
Doni99
2017-02-19 00:50:26
Bir kozdogonu bar AWA nyn
+2
Su.Zeyd_89
2017-02-19 01:48:58
Качан ажобузду сыйлаганды уйронобуз. Омур бою нааразы болуп жашаган болбойт го. Шугур кылсанар боло.
+2
Kroxa
2017-02-19 06:50:02
Кыргызбыз да...
0
bakytbek.k
2017-02-19 08:49:56
Баарын эле билип билбей жазабербегиле да туугандар эй Селер ошо ажообуздун ордуна болсонор эмнени кыйратат эленер кудага шуруп кылгыла башкаларга Караганда жашообуз жакшы
-6
bakytbek.k
2017-02-19 08:57:42
Биз кыргызбыз бири-бирибизди коро албайбыз бизди 120 жеп жутар Элди болуп кыргызды 120га болуп салган ошон учун онолбой жатат
0
Ananai
2017-02-19 13:14:38
Башка олколордо президенттенин мынчалык ачык сындап жазышпайт ко туугандар?Эмне эле биз ушундайбыз?Биздин ажобуз Каримовтой болбогонуна шугур кылышыбыз керек.Болбосо эчак эле жер менен жексен болуп кырылып калмакпыз 1айткан сыныбыз учун.
+4
Nur1k
2017-02-19 18:15:34
Ото ото жаман калкпыз да бл. Бул дегени ошентип шарить этип Германиядан инвестиция тартуу болот. Эмне дикарьсынарбы ушуну тушунбогон? Же Атамбаев ай уйдо отура берсе озу инвестиция тартылып келе берет деп ойлойсунарбы? Кичине болсо да уят болуш керек да. Атамбайды жаман коруп ушинтсенер Атамбаев кетип калат деп ойлойсунарбы? Соз барго "элдин пейилине жараша башчы берет" деген? Озунордун пейилинерди ондогула Атамбаев жеринерди тартып алгансыбай. Эки колун эки бутуп сообу?
+2
Nur1k
2017-02-19 18:18:25
Туруп иште жамандабай. Сен эле эмес озбек таджик деле иштеп журот тентип. Дагы бир жолу биз кыргыздар ото ото жаман калк экенбиз. Пейилибизди ондомой сайын кудай да жолубузду ондобойт.
+3
abdillaevna-96
2017-02-19 19:47:08
Канча мамлекеттен инвентиция алып келди,келген акчаларга эмнелер бутту,жаны эмне курулду? Келген акчалардын дайыны жок. Бар жок кымбаттагандан-кымбаттап жатат,элдин жашоосу онолбой эле оорлошуп кетти
0
surgeon777
2017-02-19 23:54:05
abdillaevna-96,башты же колу-бутту иштетип аракет кылган адамдар тузук эле жашап жатышат..
+2
admin_portal
2017-02-20 09:09:37
surgeon777,
1. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
2. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан