2012-жылы “Энелер күнүнө” карата 11 миң 500 айым акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшкөн

2012-жылы “Энелер күнүнө” карата 11 миң 500 айым акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7850 орто жаштагы айым, 500 өспүрүм курактагылар, 50 жаштан жогорку1860 аял жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 880 айым акысыз текшерилген. Ошондой эле баса албаган 650 аялды дарыгерлер тобу үйлөрүнө барышып медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөн. Медициналык кароолорду үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда терапевт, кардиолог, акушер-гинеколог, невролог, хирург, лор, уролог, эндокринолог, стоматолог, УЗИ дарыгери, лаборант адистеринин катышуусунда медициналык топтор жүргүзгөн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан