Өткөн суткада Кыргызстанда 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнөн билдиришти. Айта кетсек, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3 жана Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар орун алган жок.