Талас. Уюлдук телефонун тарттырып жиберген баланын агасы милицияга кайрылды
Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдирет.
Талас районунун Орто-Арык айылынын тургуну Темиркулов Ислам Таалайбекович кайрылып, анын иниси Таалайбек уулу Кубанды 10-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында Талас шаарындагы “Айыл көмөк” базарынан эч себепсиз бейтааныш азиат улутундагы, жашы 20-25 курактагы балдар уруп, өзүнө тиешелүү НОКИА Х2-01 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алышкан. Учурда бул иш боюнча териштирүүлөр жүрүүдө.