Чүй облустук ооруканасынын кадрлар бөлүмүнүн кызматкери 2011-2012-жылдары 2 адамды мыйзамсыз түрдө кызматка алып, аларга которулган айлык маянадан 209 миң сомду өз кызыкчылыгына пайдаланып жиберген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери атайын иликтөө ишин жүргүзүшүп, бул фактынын бетин ачышты. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.