40 килограмм баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалды

30-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин жана Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери Таш-Көмүр шаарынан 40 килограмм баңгизат алып жүргөн жаранды кармашты. Кылмышка шектүү жаран Токтогул районунун тургуну Анарбай С. экендиги белгилүү болду. Укук коргоо кызматкерлери ал айдап жүргөн кичи автобусту тинтүүгө алышып, ичинен аталган өлчөмдөгү баңгизатты табышкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Жылдызбек Аттокуров билдирди. Тергөөдө кылмышка шектүүнүн мурда да соттолгону аныкталды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан