19-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну Н.К., арызы менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи бүгүн, 21-февралда билдирди.
Арыздануучунун айтымында, 18-февралда болжол менен саат 18:30дар чамасында, Д.Сяопин менен Кызыл-Аскер көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз төрт бала күч колдонуп, 7 миң сом акчасын тартып алышкан.
"Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын, ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык (тоноо боюнча) кылмыш иши козголууда. Кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетинин негизинде, шектүүлөр катары Бишкек шаарынын тургундары 19 жаштагы У.С., жана 23 жаштагы Т.М., аттуу жарандар кармалышкан", - деп жазылат башкармалыктын маалыматында.
Азыркы учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.