29-апрелде Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун 1979-жылы туулган Мансурбек А. аттуу тургуну көчөдөн таап алган РГД-5 үлгүсүндөгү жарылуучу затты милицияга өз ыктыяры менен тапшырып берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери Жылдызбек Аттокуров билдирди. А.Мансурбек өз ыктыяры менен табылган жарылуучу затты тапшыргандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилигинин атынан ага алкыш айтылды. Ал эми жарылуучу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.