Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында 9-11-май күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинин атайын сыйлыгына арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Аталган спорт түрүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеште Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн 1997-2001-жылдары туулган спортчулары 13 салмактык категорияда таймаш өткөрүшөт. Оюндун жыйынтыгында алдынкы орунду ээлеген спортчуларга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан диплом жана грамоталар тапшырылмакчы.