Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Израиль өлкөсүнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Израиль өлкөсүнүн жараны 1957-жылы туулган Э.Д. 17-февраль күнү Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган. Ал Казакстанда "алдамчылык" боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Учурда ал Свердлов райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынып, Казакстанга экстрадицияланат.