Феликс Кулов президенттикке талапкерлерге кеңеш берди

Президенттикке талапкерлер чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды жүргүзүүдө Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын эске алыш керек. Мындай кеңешин бүгүн, 22-февралда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов айтты.

Анын айтымында, президенттикке талапкерлер башка мамлекеттерге кастык мамиле жасабаш керек. "Эгер кайсы бир өлкөгө мындай мамиле жасалса, мамлекетибизге дипломатиялык ноталар жөнөтүлөт, бул тууралуу эл кабардар болот. Биздин калк эч ким менен кастык мамиле түзгүсү келбейт, ошондуктан талапкер боюнча жыйынтык чыгарат", - деди Кулов.

Ошондой эле анын ою боюнча, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин "келерки президент ким болорун эч ким билбейт" дегени туура. "Президенттик шайлоодо ким жеңерин азыр айтуу мүмкүн эмес", - деп кошумчалады саясатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан