КҮНСЕРЕП: Муфтийдин орду кимге керек болууда?

Бүгүн, 22-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу судьялардын жана алардын жакындарынын телефону милдеттүү түрдө тыңшалсын деген талапты сунуштоодо. Бул сунуш бүгүн Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында да айтылып, демилгени "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов алдыга сүрөдү. Бабанов судьялык кызматка бараткан адам өзүнүн жана жакындарынын телефонун тыңшоого алууга макулдук бериши керек, ал биринчи кезекте судьяларды коргоо үчүн зарыл дейт. Ушундай шартта чиновниктер, президенттик аппарат, өкмөт, депутаттар жана башкалар сотторго чалып, кандай өкүм же чечим чыгаруу керектиги боюнча буйрук берүүнү, кысым көрсөтүүнү токтотушмак. Бул жагынан алганда Бабановдун сунушун соттор өзү эле эмес, жалпы коомчулук колдоого алуусу зарыл. Судьялыкка талапкерлерди 2 тур менен тандоо, сынактын 2-турунда аларды калп тапкычтан өткөрүп, процессти ММКлардан түз көрсөтүү да сунушталууда.

Бабанов мындай идеяны 1 жыл мурун көтөргөн. Башкы прокурор Индира Жолдубаева "судьялардын жакындарынын телефону да тыңшалсын" дегенге макул эмес. Жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрү, кат жазышуулары сыр сакталышы керектигин, сунушталып жаткан норма жарандардын конституциялык укуктарын бузарын эскертти башкы прокурор. Медалдын экинчи тарабы дагы бар. Сот чечимине кийлигишкиси келген чиновник же депутаттар телефон чалбай деле судьяга бетме-бет жолугуу мүмкүндүгүн табат. Андыктан соттордун телефонун тыңшоо аларды УКМКнын чеңгелине салып берүүгө, соттордун көз карандысыздыгын жоюуга алып барат деген да пикирлер айтылып жатат. Маалыматтарга таянсак, убагында мындай сунушту Конституцияга киргизүүгө аракет жасалып, буга эл аралык Венеция комиссиясы терс корутунду берген. Мыйзам долбоору азырынча парламентте карала элек, демилгени алдыда кызуу талкуулар күтүп жатат...

Кыргыздын муфтийи Максат Токтомушев "жогорку диний билими жок" деп күнөөлөнүп жатат. Бишкекте маалымат жыйын берген айрым укук коргоочулар Токтомушев билим алган Пакистандын "Аль-Арабия" медресеси мамлекеттик стандартка жооп берген сертификат бере албасы аныкталганын айтышты. Нааразы тарап муфтийден кызматтан кетүүнү, акыркы 3 жылда алган маянасын кайтарып берүүнү талап кылууда.

Бул жыйын муфтийдин ордун талашуу аракетине көбүрөөк окшошууда. Анткени бүгүн муфтийди күнөөлөп жаткандардын бири Келдибек Аскаралиев 2014-жылы Максат Токтомушевди “Таблиг жамаат” уюмунун мүчөсү” деп айыптап чыгып, бирок далилденген эмес. Адатта, муфтияттын тегерегинде чуу ажылык сапар жакындаганда башталат. Анткени бул иш-чаранын тегерегинде миллиондор айланат. Кыргыздын муфтийлери кызматтан ызы-чуу менен кеткени да адатка айланып баратат. Убагында муфтийлик кызматты аркалаган Чубак Жалилов ажылык зыяратты уюштуруудагы акча чыры боюнча айыпталып кызматтан кетсе (кийин соттон акталды), Рахматулла Эгембердиев жашыруун тартылган видеотасма чырынан улам кетти. Мыйзамга ылайык, муфтийликке шайланган адамда эки: светтик жана диний жогорку билими тууралуу диплом болушу шарт. Муфтияттын өкүлү ММКларга билдиргендей, Токтомушевдин эки диплому тең бар. Эми ошол 2 дипломду элге жарыялоо иши калды...

Азербайжан президенти Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны 21-февралда өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындады. Алиев жубайынын коомдук-саясий иштердеги жетишкендиктери, маданий жана эл аралык иштердеги ийгиликтери аны жогорку кызматка дайындоого себеп болгонун айтты.

Ошентип буга чейин биринчи канайым статусунда жүргөн Алиева бир заматта өлкөнүн тагдырына жоопкер жетекчиге айланды. Белгилей кетүүчү жагдай, бул кызмат Азербайжанда Конституцияны өзгөртүүдөн кийин пайда болгон. Эгерде өлкө президенти өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса, эки тизгин бир чылбыр биринчи вице-президенттин колуна өтөт. Кыргызда бул жагынан абал жакшы эле. Элде мамлекет башкара турган талапкерлерди электен өткөрүп тандап алуу укугу бар. Ал эми шайлоочулардын акчага сатылуусу, куру убадаларга алдануусу, пассивдүүлүгү башка маселе. Башкысы - элде тандоо, шайлоо мүмкүнчүлүгү бар...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан