Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Канат Айдарбеков, Урмат Байтереков жана Замир Байгараевди эскерүү урматына эркин күрөш боюнча 8-эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, мелдешке Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн 1996-1999-жылдары туулган 30 килограммдан 76 килограммга чейинки салмактагы спортчулар күч сынашмакчы. Мелдеш аталган шаардагы “Манас” спорт-комплексинде саат 16:00дө башталат.