Баткен облусунун Карабак аймагында бүгүн, 22-февралда Баткен чек ара бөлүмү тарабынан 18 тонна контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматы кабарлайт.
"Кыргыз өлкөсүнүн 2 жараны Тажикстандан Кыргыз жергесине 18 тонна кургатылган жемиш алып кирүүгө аракет кылып жатышкан жеринен кармалышты. Бул жүктү киргизүүгө уруксат кагазы болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөнү маалым болду.