Кытайдан жана Тажикстандан ЕАЭБге мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жеринен 4 тонна тооктун төшү Баткенден кармалды

16-17-февраль күндөрү Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагына жалпысынан 4 тонна тооктун төшүн мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-февралда саат 08:30 чамасында Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычынын аймагында Мерседес-Бенц токтотулган. Анын ичинен тиешелүү документтери жок 2 миң килограмм тооктун төшү табылган. Эт Кытайда даярдалганы жана жалпы баасы 260 миң сом экени аныкталган.

Кийинки күнү 17-февралда саат 02:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунда Кадамжай районунун Бүргөндү айылында Хундай Портер токтотулган. Анын ичинен да 2 миң килограмм тооктун төшү табылган. Эттин жалпы баасы 220 миң сомго тең экени жана Тажикстанда даярдалганы аныкталган. Бул жүктү өткөрүп жаткан адамда тиешелүү документтер жок болгон.

Бул эки факт боюнча материалдар Ош облустук прокуратурага жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aytur
2017-02-22 16:48:15
Кобуроок акча сураса бербей койгон чыгаарда е айтпай эле откоруп салмак.
-3
satarovkubacom
2017-02-22 17:35:10
Aytur,минтип кармаса акча бербей койгон деп кармалбай отуп кетсен акча берген деп диогноз койобуз дегеле кандай кылыш керекбиз Адылда Иманкулов айтмакчы кимге карап туздонолу?)
+5
Nur1k
2017-02-22 19:59:33
satarovkubacom, биздикилер бир ишенбей калдыбы болду... Кармайбы кармабайбы баары бар куноолуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан